Ванга жер шарын коронавирус каптай турганын мурда эле айтканбы?

4 мая 2020 12:33 6847 Barometr
Поделиться в:
ok

Болгариялык көзү ачык Ванга коронавирус жер шарын каптай турганын 1995-жылы эле айткан.

Life басылмасынын жазышынча, анын жакындары бул тууралуу федералдык каналдардын биринде айткан. Ванга коронавирусту мындайча сыпаттаган.

“Катары менен келген жылы (балким сөз 2020-жылы тууралуу болуп жатат) жер шарын сары түстөгү уулуу туман каптайт. Андан колунда бар байлар дагы качып кутула албайт. Жаш карысы дебей баары өлөт, өлгөндөрдүн саны Сибирдеги кедр жаңгагын жеп айыккандар болгонго чейин уланат”, — деп белгилеген.

Коронавирустун дарысы кедр жаңгагында жатабы? Балким кедр жаңгагынын курамында дарылык касиетке ээ экстракт барбы? Ванганын айткандарына ишенгендердин басымдуу бөлүгү коронавируска каршы вакцина дал Россияда табыла турганын айтышууда. Анткени Ванга бул тууралуу өзүнүн айтууларында белгилеген. Андан сырткары Ванга оорунун дарысы апрелдин аягы, май айынын ортосунда табыларын белгилеген.

Соңку маалыматтар боюнча коронавирус жер шары боюнча 3,5 миллиондон ашык кишиге жугуп, андан каза болгондордун саны 200 миңден ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/vanga-zher-sharyn-koronavirus-kaptaj-turganyn-murda-ele-ajtkanby



Добавить комментарий