Алдамчылыкка шектелген кыз кармалып, сүрөтү жарыяланды

8 июня 2020 17:08 1296 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык милициясы АКШга виза жасатып берем деп алдамчылык жол менен11 миң доллар алууга шектелген кызды кармап, ага алданып калгандар болсо кабар берүүнү суранды. Бул туурасында борбор калаадагы Октябрь райондук милициясы кабарлады.

Мындан бир нече күн мурда милициянын аталган райондук бөлүмүнө Б.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал былтыр 9-ноябрда А.К. аттуу кызга АКШ визасын алып берем деген убадасы үчүн 11 миң доллар бергендигин, бирок кыз изин жашырып, качып жүргөндүгүн айтып, арызданган. Акчаны Б.Б. Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде колуна санап бергендигин билдирген.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

Октябрь райондук криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери аталган А.К. аттуу 24 жаштагы кызды таап келип, убактылуу кармоо жайына киргизген.

Учурда Бишкек милициясы анын дагы буга окшогон башка кылмыштуу фактыларга тиешеси бар-жогун аныктоо максатында тергөө жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Андыктан тартип сакчылар жалпы жарандарга кайрылып, акчасын алдатып жиберген болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну суранды:

0(709) 76-76-06, 0(558) 102-992 жана 102 номерлери.




Ссылка: https://barometr.kg/uurulukka-shektelgen-kyz-karmalyp-srt-zharyyalandy



Добавить комментарий