Уул-кызыңыз кимге окшош? Байкап көрүңүз!
1. Интеллект атадан балага берилбейт. Тактап айтканда, сиз акылман болсоңуз да, уулуңуз сиздин гениңизге 100 пайыз ээ боло албайт.
2. Акылсыздык атадан балага берилбейт, эгер сиз акмак болсоңуз да, балаңыз сиз сыяктуу акмак болбойт.
3. Интеллект атадан кызына берилет, анда да жарым жартылай гана.
4. Эркектер интеллекти энесинен гана ала алат. Ал аны өз кезегинде атасынан ээ болгон.
5. Акылмандардын кыздары аталары сыяктуу акылдуу болушат, бирок жарым жартылай, ал эми алардын уулдары акылдуу болушат. Ал эми аталары акмак болсо, кыздары аталарына караганда бир аз гана акылсыз болушат.
6. Ошондуктан, акылман аялдар дээрлик жокко эсе, дал ошол сыяктуу 100 пайыз акмак аялдар да болбойт. Тескерисинче, акылман мырзалар менен акмак эркектер көп. Ушундан кийин жолу болбогон ичип кеткендер, жалгыз баш энелердин доору сүрүүдө. Ошону менен катар Нобель сыйлыгынын ээлери көбүнчө мырзалар.
Мырзалар үчүн корутунду:
1. Уулуңуздун акыл-ой даражасын изилдеп көргүңүз келсе, аялыңыздын атасына караңыз (эгер ал академик болсо, уулуңуз да ошондой акылдуу болот).
2. Кызыңыз сиздин акылыңыздын жарымына ээ болот. Ошондой эле, сиздин кемчилигиңиздин де жарымын алат. Интеллект жагынан сизге жакын болот. Анын уулу сиздин бардык акыл ой жөндөмүңүзгө ээ болот. Акылдуу урпак кааласаңыз – кыз болгонун кыялданыңыз.
3. Сиздин акыл-ой жөндөмүңүз энеңизден келген, тактап айтканда таятаңыздан өтөт.
Аялдар үчүн корутунду:
1. Сиздин уулуңуз акыл-ой жагынан алганда сиздин атаңыздын көчүрмөсү, ошондуктан ага “сен да атаң сыяктуу акмаксың” деп урушуу туура эмес.
2. Кызыңыздын тарбия жагын алганда, өзүңүз сыяктуу болот. Бирок ой-жүгүртүү, акыл жагынан алганда атасын тартат. Анын балдары сиздин күйөөңүздүн акыл жөндөмүнүн көчүрмөсү болот.
Ссылка: https://barometr.kg/uul-kyzyyz-kimge-okshosh-bajkap-krz
Добавить комментарий ×