Ысык-Көлдө коронавирус жайылды деп жалган маалымат тараткан киши кармалды
УКМК шак маалымат тараткан кезектеги адамды кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Ага ылайык, 23-мартта УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1982-жылы туулган КР жараны М.С. аттуу киши кармалды.
Такталган маалымат боюнча, калкка такси кызматын көрсөткөн М.С. тентектик аракеттери менен соцтармактар аркылуу Ысык-Көл областынын тургунунун дене табы жогорулап, коронавирус чыкты деген маанидеги жалган маалыматтарды таратып, облуста элдин арасында кооптонуу жараткан. Ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сурады.
Учурда материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Ссылка: https://barometr.kg/ushak-maalymat-taratkan-kezektegi-adam-karmaldy
Добавить комментарий ×