USAID уюму кыргызстандык окуучуларга 285 миң китеп белек кылды

23 сентября 2020 16:54 807 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-сентябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы 1000ден ашуун мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга 285 миң балдар китебин тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Маалыматта, тапшырылган китептер башталгыч класстын окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер экени айтылды. Китептерди тапшыруу расмий аземи бүгүн К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өттү.

Аземге Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн мүдүрүнүн милдетин аткаруучусу Алдер Барлетт  жана Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев катышты.

Жаңы китептер аңгемелерди, жомокторду, ырларды, табышмактарды жана башталгыч мектеп курагындагы жаш балдарга арналган кызыктуу чыгармаларды камтыйт. Китептер Кыргыз Республикасында жашаган балдардын талаптарына туура келүүсүн камсыз кылуу үчүн, жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор менен кызматташтыкта иштелип чыккан.

"Ар кыл жанрдагы, ар кандай темаларга арналган сапаттуу китептер - башталгыч мектеп окуучуларынын билим алуусу үчүн пайдубал. Биз окуучулардын жаңы муунун шыктандырып, алардын өсүүсүнө жана ийгиликке жетүүсүнө жардам берүүчү окуу жана критикалык ой-жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө негиз түзүүгө умтулабыз", - дейт балдар жазуучусу Айнагуль Базарбаева.

Долбоордун жалпы бюджети дээрлик 19 миллион АКШ долларын түзөт.

"Окуу керемет!" долбоору өлкөдөгү 1,6 миңден ашуун мектепте иш алып барат жана 18 миңден ашуун мугалимдердин жана башка билим берүү кызматкерлердин кесиптик чеберчилигинин жогорулашын колдойт. Бул долбоордун ишке ашырылышынан 300 миңден ашуун окуучу пайда алаарын күтөбүз. Биздин негизги максат - Кыргыз Республикасында ар бир баланын колунда китепти көрүү! Биз бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен тыгыз кызматташуудабыз ", - дейт Алдер Барлетт.

"Окуу керемет!" долбоорунун алкагында USAID Кыргызстанда 1,5 миң жаңы китеп иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт. Келе жаткан беш жылда, USAID Кыргызстандын мектептерине жаңы китептердин жана башка кошумча окуу материалдардын бир миллиондон ашуун нускасын тапшырууну көздөп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/usaid-uyumu-kyrgyzstandyk-okuuchularga-285-mi-kitep-belek-kyldy



Добавить комментарий