Ундун жана дандын импортунан 1 жылга кошумча нарк салыгы алынбайт

11 августа 2021 17:52 1889 Barometr
Поделиться в:
ok

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов импорттолгон ун менен данды 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

2021-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 1-августуна чейин импорттоочу ташып келип кайра иштете турган дандын, анын ичинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду алып келген дандын КНСи нөл пайыз болот

Мындан тышкары импортоочу ата мекендик дандан тарткан ундан дагы салык алынбайт.

“Бул рыноктогу ундун баасын турукташтыруу, ошондой эле айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн киргизилди”,-деп айтылат маалыматта

Чечим 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/undun-zhana-dandyn-importunan-1-zhylga-koshumcha-nark-salygy-alynbajt



Добавить комментарий