Кыргызстандыктарды унаа, жер жана үй үчүн салык төлөөгө чакырышты
Поделиться в:
Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарга транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
1-сентябрга чейин жарандар төртүнчү топтогу унаа каражаттарына салык төгүүгө тийиш. 2-сентябрга чейин турак-жай менен квартираларга жана жерге салык төгүү керек.
Жарандар салыкты банктар, почта бөлүмдөрү жана POS-терминалдар, уюлдук тиркемелер, төлөм карталары аркылуу дагы төксө болот.
Салыкты өз алдынча www.sti.gov.kg сайтынан эсептөөгө мүмкүндүк бар.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktardy-unaa-zher-zhana-j-chn-salyk-tlg-chakyryshty
Добавить комментарий ×