Уликсон: "Нуркызга айта турган сөзүмдү айттым. Жооп берет десе мыйзам алдында жооп беребиз"

6 мая 2019 12:16 10266 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Нуркыз Кожонова менен клипмейкер Эрнис Сыдыковдун бүтпөгөн клип аркылуу келип чыккан пикир келишпестигинен кийин Уликсон аттуу ырчы жигит алардын ортосуна түшүп, тактап айтканда Сыдыковко жан тартып чоң чуу жараткан эле. Ал ортодо Нуркыз Кожонова "мени басынткандыгы үчүн мыйзам алдында жооп берет" деп комментарий берген эле. Ырчы Уликсон аталган маселе боюнча жана чыгармычылыгы тууралуу Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы, алгачкы суроо эмне үчүн Уликсон деген ат менен чыккансыз?

-Мен азыр өзүмдүн атымды айтпай эле коёюн. Атайын фамилиямды атабай коюуну туура көргөм. Болгону шоу-бизнес чөйрөсүнө каймана ат менен чыгууну туура көргөм.

-Өзүңүз тууралуу кыскача маалыматты озүңүздөн уксакчы...

-Ата-энем, түбүм Ош облусунун Өзгөн районунан болот, бирок мен Бишкек шаарында 1990-жылдын 28-октябрда төрөлгөм.

-Чыгармачыл чөйрөгө аралашканыңызга канча убакыт болду жана репертуарыңызда канча ыр бар?

-Менин ырдап баштаганыма 9 айдын жүзү болду. Бирок Кудайга шугур кубанычтамын, клибим мен күтпөгөн деңгээлдеги көрүүлөргө жетти. Учурда репертуарымда 3 ыр жана 1 клип бар. Аталган клипти алгач тартканда биз ютубта 200-300 миң көрүү болсо деп ойлоп койдум эле, учурда 1 000 000 дон ашып кетти. Аябай күтүлбөгөн жагдай болду десем да болот.

-Нуркыз Кожонова менен болгон пикир келишпестигиңиздерге кандай комментарий берет элеңиз?

-Ал боюнча орозонун башталышында жаман сөз айтпай эле коёюн, мен айтаар сөзүмдү айттым ага. Эгерде мыйзамдын алдында жооп берет десе анда мыйзам алдында жооп беребиз. Өзү кандай ойлосо, кандай туура көрсө ошондой кыла берсин.

-Репертуарыңыздагы клипти кимге тарттырдыныз эле?

-Клипти Эрнис Сыдыков тарткан. Ал эми ырдын сөзүн, обонун өзүм жазгам. Алыста жүргөндө мекенди эстеп жазгам. Баары ойдогудай болду.

-Алдыда кандай пландарыңыз бар?

-Буюрса, азыр жаңы ырдын үстүндө иштеп жатам. Жакында Казакстанга барып келдим, ал жактан ыр сүйлөшүп келдим. Ошол ыры буюрса жакында алып, клип да тартууга аракет кылуудамын.

-Кайсыл казак ырчысынын ырын которосуз?

-Ыр мага абдан жаккандыктан атайын барып сүйлөшүп келдим, бирок кайсы ырчы экени азырынча сыр боло турсун. Буюрса клипти орозодо тартып бүтүп элге тартуулайм деген ниетте турам.

-Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар бар?

-Жеке жашоодо жаңылык жок. Жүрөгүм бош эмес, жүрөк мурда эле ээленип калган. Бирок үй-бүлөлүүмүн же бойдокмун деп айта албайм.

-Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/ulikson-nurkyzga-ajta-turgan-szmd-ajttym-zhoop-beret-dese-myjzam-aldynda-zhoop-berebiz



Добавить комментарий