Уланбек Эгизбаевге өлөөрүнөн бир нече күн мурда эки бош кат келген
Кечээ 22-июлда Кыргызстан дагы бир чыгаан, чындык үчүн чырылдаган уулунан айрылды. Ал болгону 28 гана жашта болгон.
Достору, жакындары жана жакын санаалаштары азыркыга чейин жаш журналисттин арабызда жок экендигине ишенбей келишет. Ички иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, журналист Ысык-Көлгө чөгүп кеткен, аны көргөндөр суудан алып чыкканга жетишип, жакынкы ооруканага жеткиришкен. Эгизбаев эсине келе албай жатып, бул дүйнө менен кош айтышып кете берген. Бирок, коомчулук журналисттин өз ажалы менен өлгөндүгүнө шектенип жатышат. Анткени, журналисттин иликтөөсүнөн кийин тарыхый музейди реконструкциялоо жана көрүстөндөрдү сатып алуу боюнча акыркы айларда үч жолу кылмыш иши козголгон. Эгизбаев чындыкты коркпой айтып, элге тайманбастан жеткирип келген.
Өлөөрүнөн бир нече күн мурда Эгизбаев "Кыргызпочтасы" аркылуу эки бош кат алгандыгын социалдык баракчасына жазган. Мындан улам интернет колдонуучулар журналисттин өлүмүнө анын иликтөөсүнүн таасири эмепи деген шектенүүлөрдөн улам, укук коргоо органдарына бул ишти дыкат иликтеп чыгуусун талап кылышууда.
Мээрим Бакир Кызы
6 hrs ·
Бош конверттин келгени "эч нерсе жазба" дегени... Мындай коркуткат эскертуулор бир нече жолу келсе керек эле... Бирок сен ага конул да бурбадын, чындыктын изин издей бердин. Анткени сен журогундо жалы бар, эч нерседен тайманбаган духу кучтуу кыргыз жигити элен. Сенин кичинекей калем сабындан, которуп жургон микрофонун менен диктофонундан баары коркчуу эмес беле. "Ии, баса" деп эле баарын иликтей берчуусун. Озун айткандай биз ушинтип олгондон кийин бир-бирибизди эскерип эстеп калат экенбиз... Чынында, чындык эч кимге жакпайт, дагы айтам, айыбын ачып койсон эч кимге жакпайсын. Чындыктын козу тазаланбаса, жеп-ичерлер уктай албайт... Аз жашасан да, озун учун эмес, башкалар учун куйуп, шашып жашадын. Ата-энесине, жубайына, жакын туугандарына конул айтып, азасын терен кайгыруу менен тен болушом. Кесиптешим Улан, жаткан жерин жайлуу болсун! ...
Janar Akaev is with Ulanbek Egizbaev.
3 hrs ·
Чындык учту асманга
Сенин сөөгүңү коштоп, асманыбыз аңтарылып, сай сөөгүбүз сыздап, нес болуп келатабыз, Улан! Бир туугандан кем эмес жакын элек, сырдаш элек, ичим эңшерилип, көзгө жаш алгандан башка арга таппай турам, Улан! Жолуккан сайын элдин ырыскысын уурдагандар менен түбөлүк душман болооруңу айтып, каңырыгың түтөп турчу. Чыныгы журналист сен болчусуң Улан, таза, дили ак, өз ишине берилген, уурулардын кекиртегине тыгылган кылкан элең, Улан! Сени элиң тегиз сүйчү Улан, бир ууч коррупционерлер гана сенден эрте кутулууну самашчу, бирок алардын да азабын берчүлөр табылаарын унутпасаң экен. Аз убакытта өзүңдү көрсөтө алдың, жаш муунга үлгү болдуң, акыйкат жарчысы болдуң, Улан! Үй-бүлөңө күйүмдүү элең, Сапаргүл менен чогуу бактылуу элең, жан берсең да шакегиң колуңда экен, аны көрүп да күйбөгөн жерим күл болду, Улан! Коомду накта сендей балдар өзгөртө алмак, качан десең да командаңа кошулам Жанар, тирек болуп берем дечүсүң! Келечекке сендей балдар менен барам деп ишенимдүү жүрчүмүн, эми кантем Улан! Сенин коррупция менен, уурулар менен күрөшүңдү улантууга бар күчүбүздү жумшайбыз, ишиңди улантабыз. Элиң сага, сенин адилеттүү телекөрсөтүүңө суусап турса, сен шашып кеттиң Улан, жараткан сендей жигитти кантип алды арабыздан, түк түшүнсөм өлөйүн. Ишенбей жетип бардым, сен жатасың, башыңды жерге салбай, бүжүрөбөй, бырышпай, жүзүңдөн нур таамп, таптаза пейлиң менен. Аттиң, эр жүрөктүгүң менен ажалга да тике караган экенсиң! Анткени, сенин абийириң таза, жүрөгүң таза, Улан! Кош Улан, элиң, жакындарың, санаалаштарың сени түбөлүк эсинен чыгарбайт! Бейишиң болсун, Улан!..
Ссылка: https://barometr.kg/ulanbek-egizbaev-lrnn-bir-zhuma-murda-eki-aktaj-kat-algan
Добавить комментарий ×