Бишкекте 7-ноябрда көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилет

7 ноября 2018 14:30 1982 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте бүгүн, 7-ноябрда көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилет. Акыркы 25 жыл аралыгында каза болгон журналисттерди эскерүү иш-чарасында алардын элесине арналган сүрөт-галереясы уюштурулуп, куран окутулат.

Маркумдарды эскерүү иш-чарасын уюштурган демилгелүү топтун мүчөсү, журналист Элнура Кулуеванын айтымында, соңку 25 жылда 100дөн ашык журналисттин көзү өткөн.

Быйылкы жылы кыргыз журналистикасында оор жоготуулар болду.

Иш чарада үстүбүздөгү 2018-жылы каза болгон Султан Жумагулов, Салтанат Саматова,  Уланбек Эгизбаев, Исмаил Мамытов өңдүү кыргыздын белгилүү журналисттери эскерилмекчи.

Эске салсак Кыргызстанда бүгүн Басма сөз жана маалымат күнү. Ошондой эле 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары былтыркы жылдан тарта белгилене баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-7-noyabrda-kz-tp-ketken-zhurnalistter-eskerilet



Добавить комментарий