Улан Эгизбаевдин жубайы: Кар алдында, ызгаар алдында уулумду кучактап кала бердим

23 октября 2019 23:45 13921 9 Barometr
Поделиться в:
ok

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева социалдык тармакта арманын, Уланга болгон кусалыгын жазды.

“Аялзаты бир саам гүл сыяктуу. Бир саам мөмөлүү бак сыяктуу. Бир саам бакча сыяктуу. Түркүн гүл, түрдүү мөмө- чөмө өскөн бакчанынын ажары жай айында ачылаары ырас. Сүйүүнүн да жаз, жай, күз, кыш деген мезгилдери бар билгенге. Биз экөөбүз, тагыраагы ал менин сезимиме ээлик кылгысы келген студенттик курак биздин жазыбыз эле. Ал эми мен аны жашоомдон бөлө албай, тагдырымды байлаган, анан экөөбүз биригип уулубузду сагынып күткөн айлар биздин жазыбыз боло турган. Мезгил эч качан ордун алмаштырбайт. Бирок тагдыр андай эмес экен. Тагдыр биздин сүйүүдөгү берекелүү күзүбүздү уурдады. Ал жайдан кийин күтүүсүздөн бизге кышты ыраа көрдү. Менин чакан аралымдагы, ал үчүн тигилген гүлдүү бакчамды жай саратанында кар басты. Үшүттү… Тоӊдурду… Ичиркентти. Кар алдында тоӊгон мөмөлүү бактын абалы кандай болсо, мен так ошол мөмөлүү бак сымал кар алдында, ызгаар алдында уулумду кучактап кала бердим...”,  - деп жазды.

Эске сала кетсек, чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлунда  сууга чөгүп каза болгон


Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaevdin-zhubajy-kar-aldynda-yzgaar-aldynda-uulumdu-kuchaktap-kala-berdim



Добавить комментарий

  • Сабырдуу бол синдим .мен сени жакшы тушуном анткени ошол кардын алдында менда калгам .мм эмне дейбиз жакшы адамдар аз жашайт окшойт . Акыры жолукчу Кун бар экенин унутпа. Баланды жакшы остур, атасы жонундо коп айт. Баландын омуруу узуун болсун
  • Жумакан 5 лет назад
    Жараткан озу сабыр берсин.
  • Сизге сабыр гана тилейм.
  • Гульзат 5 лет назад
    Сабыр кылыныз. 12-июль 2019-ж. Менин бир тууган байкем каза болуп калды. Женем уч бала менен калды. Учунчусу агам каза болгондон кийин бир айдан кийин торолду. Аябай окунучтуу. Сизди тушунуп турамын. Бирок эч айла жок экен. Кудайдын буйругу. Сабыр кылабыз. Бир тууганын-бир боорун деп, бекер айтышпайт экен. Аябай жаман экен, жакынынды жоготкон. Сабыр. Сабыр.
  • Кайрат кыл, сабырдуу бол.Уландын артында баласы калды ошого дагы шугурчулук деп, уулунду чонойто бер.
  • Сапаргул сен кучтуу кызсын которумдуу экенсин айлан жок сыноодон сынбай уулунду чонойтуп келтасын кудайга шугур. Бактылуу болушунду каалайм.
  • Синдим сабырдуу бол.Уулуна Жараткан омур берсин. Бактылуу балдардын болсун.Айла жок жакын адамын жоготуу албетте оор. Мындан ары уулун менен коп коп жакшылыктардын кубосу бол. Ак жол.
  • Сабырлуу бол балаңдын өмүрүн берсин . Уландын жаткан жери бейиш болсун .
  • Озун ден соолукта бол уулун ыймандуу болуп чонойсун уулундун урматын коргуло. Мандайга жазса которбоско айла жок сабырдуу бол аллахым жардам бересин.