Журналист Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
Бүгүн, 17-августта Ички иштер министрлиги журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыктары жана иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов журналист Улан Эгизбаев чөгүп кеткен пасионаттын жетекчилигине кылмыш иши козголгонун билдирди.
Маалым болгондой, экспертиза Эгизбаевге күч колдонулбаганын жана ал кокустан чөгүп кеткенин аныктады. Ал эми пансионаттын үч куткаруучусу кырсык болгон маалда нөөмөттө турбаганына жана пансионаттын жетекчилиги кооптуулук тууралуу белгилерди орнотпогонуна айыпталууда. Тергөө 2 ай уланат. Эске салсак, Азаттыктын иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө чөгүп каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-ulan-egizbaevdin-lm-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×