УКМК Солтон-Сары чатагы боюнча улут аралык кастыкты козуткандарга чара колдонот

6 августа 2019 14:39 7497 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жалпыга маалымдоо каражаттарын “Солтон-Сары” алтын кениндеги окуяны чагылдырууда этият болууга чакырат.

Буга байланышкан эскертүүнү УКМКнын коомчулук менен иштөө бөлүмү бүгүн таратты.

УКМК эскертүүсүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет сайттарда жана социалдык тармактарда “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу, коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылткандарга чара көрүлө турганы боюнча айтылат.

Таратылып жаткан видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, ошондой эле инвесторлор менен «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларын жаратат”, - деп айтылат УКМКнын бүгүн тараткан маалыматында.

Буга байланыштуу, УКМК коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү жогорудагы мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-solton-sary-chatagy-boyuncha-ulut-aralyk-kastykty-kozutkandarga-chara-koldonot



Добавить комментарий