Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши жабылды

15 апреля 2021 11:48 720 Barometr
Поделиться в:
ok

Раим Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 м2 квартирасын мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган.

Белгилей кетсек, Бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого Интернетте кеңири тараган Раим Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.  

Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында, Раим Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тийешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.

Бирок, аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Раим Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты.

Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер тапкан  эмес, андан сырткары Раим Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактыларын тастыктаган.

Буга байланыштуу, колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Раим Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Ошол эле учурда, Раим Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 м2 квартирасын мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди",- деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-rajymbek-matraimovgo-kozgolgon-kylmysh-ishi-kyskartyldy



Добавить комментарий