Кыргызстанга HUMMER үлгүсүндөгү автоунаалар жалган декларация менен алып келинген
«Манас» бажысынын кызматкерлери 2022-жылы чыгарылган HUMMER EV GMC үлгүсүндөгү автоунааларды жалган декларациялоо фактыларын аныкташты.
О.Т.Б. жарандын атына жазылган декларацияга ылайык, унаага ЕАЭБ ТЭИ ТН коду ыйгарылган, бул транспорт каражатына кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган жеңил автоунаага классификацияланган.
Бирок талдоо жүргүзүү учурунда транспорт каражаты электр кыймылдаткычы бар жүк ташуучу унаалардын категориясына кирери жана салык салынууга тийиш экендиги аныкталган. Кошумча эсептелген бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 324 859 сомду түздү.
Ушундай эле мыйзам бузуу Б.К.Б жарандын атына жазылган декларацияда да аныкталган. Алгач декларацияланган автоунаа дагы КНСтен бошотулган жеңил унаалардын категориясына кирген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен автоунаа жүк ташуучу категорияга кирери жана салык салынууга тийиш экендиги аныкталган. Кошумча эсептелген бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 377 428 сомду түздү.
Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Бүгүнкү күндө тиешелүү бажы төлөмдөрү толугу менен төлөндү.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-hummer-lgsndg-avtounaalar-zhalgan-deklaraciya-menen-alyp-kelingen
Добавить комментарий ×