УКМК издөөдө жүргөн жоочуну кармады

14 марта 2019 13:05 993 Barometr
Поделиться в:
ok

8-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Ош шаарында туулган жаранды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак,  кармалган жаран 2015-жылы КМШ мамлекеттеринин бирине иштегени кетип Эл аралык террористтик уюмдарынын эмиссарларынын таасиринде калган жана Сирияга кеткен. Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин Сириянын армиясына каршы куралдуу конфликтерге катышкан.

Ага карата эл аралык издөө жарыяланып, КРнын Кылмыш кодексинин 375-беренси боюнча  кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жаран УКМКнын абак жайына камалды.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-izdd-zhrgn-zhoochunu-karmady



Добавить комментарий