УКМК: ЦУМда адамдардын барымтага алынганы тууралуу маалымат жалган

9 августа 2021 18:28 1025 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда адамдары барымтага алышты деген маалымат жалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Азркы учурда УКМК укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте “адамдарды барымтага алышты” деп айтышкан тараптарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

УКМК атайын кызматты жалган чакырык клган тараптарга административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. КРнын Кылмыш кодексинин 228-беренесине ылайык мындай чакырык кылган адамдар айып пул, бир жылдык түзөтүү эмгеги же болбосо үч жылга эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Эскерте кетсек, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борбору бүгүн, 9-августта саат бештер чамасында милиция тарабынан курчоого алынды. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери барышты.

Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында борбордук дүкөн курчоого алынып, эвакуация жүргүзүлдү. Алар кара кийимчен, колуна баштык көтөргөн аялды издөөгө алышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-cumda-adamdardyn-barymtaga-alyngany-tuuraluu-maalymat-zhalgan



Добавить комментарий