УКМК: Чүйдө катылган курал-жарактар табылды
Поделиться в:
Чүй областынын Аламүдүн районунда жашыруун жайдан АК-74 жана калибри 5,45 × 39 мм болгон ок-дарылары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган курал-жарактар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы белгиленди.Учурда бул жашыруун жайды ким уюштурганын аныктоо иштери башталды.
Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш катары эсептелерин УКМК дагы бир ирет эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-chjd-katylgan-kural-zharaktar-tabyldy
Добавить комментарий ×