Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн инспектор УКМКнын абагына камалды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкекте айдоочунун патрулдук инспектор тарабынан өлтүрүлгөнү боюнча маалыматты таратты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, 27-августта болжол менен саат 21:30да Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Жибек Жолу проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде, мечиттин жанында эркек кишиге ок атылганы тууралуу маалымат түшкөн.
1989-жылы туулган А.Ч.ны Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынын кенже инспектору Д.Ж. көкүрөккө атканы белгилүү болду.
Тез жардам барганда кеч болуп калган, жаракат алган адам окуя болгон жерде каза тапты. Жолдун жээгинен гильза жана кандын тагы бар томпон табылды. Жакынкы видео камералардын жазуусу көчүрүлдү.
Прокуратура “бийликтен ашыкча пайдалануу” беренеси боюнча иш козгоду. Д.Ж. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ajdoochunu-atyp-ltrgn-inspektor-ukmknyn-abagyna-kamaldy
Добавить комментарий ×