УКМК Алмазбек Атамбаевдин абалы тууралуу үн катты

20 февраля 2020 08:57 530 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы туруктуу, эч кандай коркунуч жок экенин билдирди.

Эске салсак, Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев атасынын кан басымы аябай төмөндөп кеткенин, каалаган учурда ыктымалдыгын маалымдаган. Андан сырткары бийлик Атамбаевдин ден соолугу жөнүндөгү чыныгы маалыматты жашырып жатканын айткан.

УКМК Кадырбек Атамбаевдин айткандарын төгүнгө чыгарууда.

"Дарыгерлердин баамында Атамбаевдин ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Абалы туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Атамбаев 2019-жылдын август айынан бери УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ага бир нече берене боюнча кылмыш иштери козголгон. Анын арасында адам өлүмүнө алып келген Кой-Таштагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген да берене бар.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-almazbek-atambaevdin-abaly-tuuraluu-n-katty



Добавить комментарий