Кадырбек Атамбаев: атама дуа кылгыла, каалаган учурда жүрөгү кармап калышы ыктымал
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев атасынын кан басымы абдан төмөн экенин, дарыгерлер каалаган учурда жүрөгү кармап калышы ыктымалдыгын айтканын Facebook баракчасына жазды.
"Атамдын кан басыма аябай эле төмөн. Дарыгерлердин айтымында, каалаган учурда инсульт же инфарк болушу ыктымал. Анын ден соолугунун суткалык мониторингин бийликтегилер жашырып жатат. Адвокаттын айтымында, акыркы жолу ченегенде 76га 60 болгон", — деп жазды ал.
Кадырбек Атамбаев андан сырткары атасы эли жана мамлекети үчүн кызмат кылууда ден соолугун аябаганын белгиледи.
"Башка президенттерден айырмаланып, өзүнө кам көргөндүн ордуна чарчаганча иштечү. Атама болгон жалган маалыматтык чабуулдун курмандыгы болуп кала электерден атамдын ден соолугуна дуба кылгыла деп суранам", — деп жазды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/kadyrbek-atambaev-atama-dua-kylgyla-kaalagan-uchurda-zhrg-karmap-kalyshy-yktymal
Добавить комментарий ×