UFC. Валентина Шевченко Лиз Кармуш’ту утуп чемпиондук титулун жаңы рекорд жаратуу менен коргоду

11 августа 2019 17:53 1395 1 Barometr
Поделиться в:
ok

UFCнин мушкери, кыргызстандык Валентина Шевченко атаандашы Лиз Кармуш’ту утуп чемпиондук титулун коргоп калды. Валентинанын бул жеңиши UFCнин рекордун жаңыртуу менен өзгөчөлөндү. 

Кыргызстандык спортчу айым Кармуш менен 5 бөлүктөн турган беттеште болгону 1 жолу башына сокку өткөрүп алды. Муну менен Валентине UFC тарыхында 25 минуталык беттеште башына эң аз сокку өткөргөн мушкер болуп калды.

Кыргызстандык спортчу айым Жорж Сен-Пьер’дин UFC 111 мелдешинде Дэн Харди’ден 3 сокку өткөрүп алган рекордун басып өттү.

Кечээ Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында өткөн UFC Fight Night 156 мелдешиндеги Валентина Шевченко - Лиз Кармуш беттешинде Валентина калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңүүчү деп табылган. Валентина 9 жыл мурдагы беттеши үчүн Кармуштан реванш алды.

Эске сала кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко акыркы эки айдын ичинде экинчи ирет чемпиондук наамын коргоду. Июнь айында эле ал Америкалык Жессика Ай менен UFC 238 мелдешинде беттешип, экинчи раундда башына тээп, оор нокаутка жыгыткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-valentina-shevchenko-liz-karmushtu-utup-chempionduk-titulun-zhay-rekord-zharatuu-menen-korgodu



Добавить комментарий