UFC. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Конор Макгрегорду артка калтырды
UFC мушкери, кыргызстандык Валентина Шевченко айтылуу мушкер Конор Макгрегордон озду. Бул тууралуу Ultimate fighting championship (UFC) уюмунун жаңыланган рейтингинде айтылат. Анда салмак категориясына карабай Pound-for-Pound Top Rank эң алдыңкы 15 мыкты мушкерди тандалган.
Кыргызстандык мушкер айым бир тепкичке көтөрүлүп, 12-сапка жайгашкан. Конор Макгрегор анын артынан 13 катардан орун алган.
UFCде жеңилип көрө элек орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов тизмеде экинчиде. Ал эми биринчи орунду орто-оор салмактын чемпиону Джон Джонс ээледи.
Оор салмактагы чемпиондук курдун ээси Даниэл Кормье бул 15 мыкты мушкердин Pound-for-Pound Top Rank рейтингинде эң алдыңкы орунда турат.
Эске сала кетсек, Валентина Шевченко жакында эле Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында өткөн UFC Fight Night-156 мелдешинде Америкалык Лиз Кармуш’ту утуп, экинчи ирет чемпиондук титулун коргоп калды.
Ссылка: https://barometr.kg/ufc-kyrgyzstandyk-mushker-valentina-shevchenko-konor-makgregordu-artka-kaltyrdy
Добавить комментарий ×