UFC. Хабиб Нурмагомедов 28 жеңиш, $6 млн рекорддук гонарарга жеткени менен рейтингде экинчиде калды

11 сентября 2019 23:57 2031 Barometr
Поделиться в:
ok

UFC чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бир мушташтан эки зор рекорд жаратканы менен жалпы рейтингде экинчиде калды.

Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

Уюмдун салмак категориясына карабай чыгарган жаңы рейтингинде эң алдыңкы 15 мыкты мушкерди тандалган.

 Хабиб Нурмагомедов жеңилип көрө электигине, 28-беттешин утуп, 6 млн доллар гонарар иштегенине карабай тизмеде экинчиде калды. Ал эми биринчи орунду орто-оор салмактын чемпиону АКШлык Жон Жонс ээледи. Тизмедеги алдыңкы үчтүккө жеңил жана эң жеңил салмактагы эки алтын курдун ээси Генри Сехудо кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-habib-nurmagomedov-28-zheish-6-mln-rekordduk-gonararga-zhetkeni-menen-rejtingde-ekinchide-kaldy



Добавить комментарий