Учуп бара жаткан самолеттон кишинин сөөгү үйдүн короосуна кулады
Лондондун полициясы учактан сөөгү кулаган кишинин өздүгүн тактап жатат. Бул тууралуу Скотленд-Ярд кабарлады.
Белгисиз адамдын денеси Лондондун түштүк аймагындагы Клэпам районундагы үйлөрдүн биринин короосуна түшкөн. Окуя болгон жерге келген полициялар менен дарыгерлер бул окуянын чоо-жайын аныктоого аракет кылып жатышат.
Болжолдуу маалыматтарга караганда эркек киши учакка билет албай түшкөн жана “Кения аба жолдору” компаниясынын учагындагы шассинин бөлүгүнө жайгашып алып, самолет учкан кезде мерт болгон.Андан соң шаардын үстүнө кулап түшкөн.
Тергөөчүлөр учакты карап чыгышкандан кийин шассинин бош бөлүгүнөн сумканы, суу жана тамак-ашты табышты.
Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/uchup-bara-zhatkan-samoletton-kishinin-sg-jdn-koroosuna-kulady
Добавить комментарий ×