Учактын канаты түтөп кеткенби? Стамбул-Бишкек каттамы кармалууда
Бишкек-Стамбул каттамындагы учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кармалып калды. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.
Анын айтымында "Пегасус" компаниясына таандык аба кемеси техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам уча албай кайра конууга аргасыз болгон.
"Азыркы учурда каттам 18:30га жылдырылды. Эртең мененки саат 7ден бери каттамдын учуу убактысы 2 жолу жылдырылды. Кээ бир жүргүнчүлөрдүн акчасы кайтарылып берилди. Айрымдарына башка убакытка билеттер сунушталды. Калган жүргүнчүлөр азыр күтүү залында олтурушат"-деди басма сөз катчысы.
«Эйр Манас» авиакомпаниясынын жетекчисинин орун басары Данияр Арынов РС 701 Стамбул-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, эч кандай орчундуу жана коркунучтуу маселе жок деп билдирди.
Ал эми "Пегасус" компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, учурда учак атайын кароодон өткөрүлүп, мүчүлүштүктөр жоюлган. "Учактын канаты түтөп, 1 метрдей көтөрүлүп кайра конгондугу тууралуу айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт дешти алар.
Ссылка: https://barometr.kg/uchaktyn-kanaty-ttp-ketkenbi-stambul-bishkek-kattamy-karmaluuda
Добавить комментарий ×