Бажы кызматынын жаңы башчысы бизнесмендер менен жолукту
Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында бизнес-коомунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бажы кызматынын приоритеттүү тапшырмасы болуп саналат.
Ошондуктан, бүгүн 20-октябрда МБКнын төрагасы кызматында биринчи жумушчу күнүн Семетеев Кадыржан Эргешович бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуудан баштады.
"Коронавирус пандемиясынын кесепетинен ЕАЭБдин тышкы чек араларынын жабылышы бажы түшүүлөрүнүн динамикасына жана бизнес чөйрөсүнүн ишмердигине терс таасирин тийгизди. Буга байланыштуу учурда бажы кызматынын алгачкы тапшырмаларынын бири тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат",- деп белгиледи ведомствонун башчысы.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнестин өкүлдөрү өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин айтышты жана аларга толук жооп алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында КРӨ караштуу МБКнын төрагасы Кенжебек Семетеев тиешелүү бөлүнүштөргө бир катар тапшырмаларды берип, кыска мөөнөттүн ичинде бизнес чөйрөсүндөгү болгон көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды. ТЭИ катышуучулары менен тыгыз байланышта кызматташуу бажы кызматынын натыйжалуу жана ачык иштөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгын баса белгиледи.
Добавить комментарий ×