Аялынын “көзүнө чөп салбай” турган эркектердин 5 түрү

2 августа 2021 14:54 11576 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркектердин басымдуу бөлүгү өмүрүнүн кайсы бир баскычында никелеп алган жарына адал мамиле кылбай, туура эмес кадамдарга барары тууралуу кептер көп айтылат. Албетте баары турмушта зымга тарткандай бир кылка болбойт. Ошентсе дагы аялды көбүрөөк сыйлай турган эркектер бар. Бүгүн barometr.kg “сол жакка” баспай турган эркектердин 5 түрүн тааныштырат.

1.Ата-энесинен жакшы тарбия алган эркек

Көп адамдардын жүрүм-турумунун модели ата-эненин жүрүш-турушунан калыптанат.Эгерде ата-энеси эркек балага мамиледеги урмат-сый менен абийирдүүлүк кандай болуу керектигин көрсөткөн  болсо балдары дагы алардын жолун кайталоого аракет кылат. Жана алар үчүн аялына мындай мамиле кылуу туура эмес деп эсептелет.

2.Диний эркек

Көпчүлүк диний конфессиялар никени таза сактоону талап кылат.Балдарга никеге ыйык мамиле кылуу, тандоосун туура жасоону кичинекей чагынан эле калыптандырышат. Ошондуктан чындап эле динге бекем, ыймандуу эркектер жаман жолго барбайт.

3. “Диван” эркек

Айрым эркектердин табиятынан эле темпераменти төмөн болот жана аларга аял менен жакын мамиле узак убакытка чейин кереги жок. Мындай эркектердин шарттуу түрдө “диван эркектер” деп атап коюшат.Алар ыгы жок жерден бирөөгө көз арткандан көрө, үйүндө диванда чалкалап жатып, телевизор көргөндү жакшы көрүшөт.

4. Жоопкерчиликтүү эркек 

Мамиледе 100 пайыз жоопкерчиликти алган эркек үчүн аялынын көзүнө чөп салуу туура эмес адат катары сезилет. Анын бала чагынан эле моралдык ориентирин жогору тарбиялашкан же болбосо ата- энесинин мындай чатагына кичине чагында күбө болуп, мен чоңойгондо эч качан мындай кылбайм деп өзүнө сөз берген болушу дагы мүмкүн.

5. Позитивдүү чөйрөгө туш болгон эркек 

Баалуулуктарды жогору койгон, үй-бүлөсүн сыйлаган эркектер менен дос болгон мырза дагы айланасындагыларга карап туура эмес ишке барбайт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ayalynyn-kzn-chp-salbaj-turgan-erkekterdin-5-tr



Добавить комментарий