Турист кызды төрт эркек, бир аял уурдап кетип, эки күн зордукташкан
Испаниянын Барселона шаарында 25 жаштагы россиялык турист кызды бейтааныш адамдар уурдап кетишип, 2 күн зордукташкан. Бул тууралуу La Vanguardia кабарлады.
16-июлда кызды шок абалында көчөдөн табышкан. Анын денеси айрылып, тытылып жана оозунан кан аккан абалда болгон.
Жабырлануучу кыз аны Барселонанын автовоказалынан уурдап кетишкенин, эки күн бою бейтааныш төрт эркек маал-маалы менен зордуктап турушканын полицияга билдирди.
Кыз ыңгайы келген учурда качып чыккан.Россиялык кыз учурда ооруканада жатат.Бул ишке шектүү делип Румыниянын эки жараны кармалды. Дагы эки эркекке издөө жарыяланды. Бир аял уурдоо ишине орточу болгону үчүн айыпталып кармалды.
Ссылка: https://barometr.kg/turist-kyzdy-trt-erkek-bir-ayal-uurdap-ketip-eki-kn-zorduktashkan
Добавить комментарий ×