Жалкоолор үчүн мелдеш башталды, жеңүүчүгө байге коюлду
Балкан жарым аралынын батышында жайгашкан Черногория мамлекетинде 20-августта жалкоолор үчүн кезектеги мелдеш башталды. Бул тууралуу ЖМК булактарына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Мелдешке 8 адам катышууда. Конкурстун шарты боюнча алар уктап, тамак жеп, суу ичип, китеп окуп, бири-бири менен сүйлөшө алышат жана калган убакытта каалагандай эс алып жатууга уруксат берилет. Ар бир 8 саатта дааратканага барып келүүгө мүмкүндүк бар.Бул эрежени быйыл киргизишти.
Мындай режимде көпкө кармала турган адамга баш байге ыйгарылып, 300 евро берилет.
Аталган мелдеш Черногорияда 10 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Жергиликтүү тургундардын арасында жаратылышка жатып эс алып жана бири-бири менен баарлашкысы келгендиктен улам мелдешке катышкысы келгендер абдан көп болот.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalkoolor-chn-meldesh-bashtaldy-zhechg-bajge-koyuldu
Добавить комментарий ×