Туман тарап "Манас" аэропорту кадимки тартипте иштей баштады

23 января 2020 16:19 2111 Barometr
Поделиться в:
ok

"Манас" эл аралык аэропорту кадимки тартипте иштеп жатат. Туман тарап, учуп-конууга эч кандай жолтоо болгон жок. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Учурда аба ырайынан улам кармалып калган каттамдар учуп жатат.

Азыр бир гана каттам кармалып турат, атап айтканда "Урал аба жолдорунун" Бишкек — Москва багыты боюнча уча турчу каттамы саат 23:00гө жылдырылды. Ал эми Ташкент менен Оштон учуп келе турчу учактарга эч кандай тоскоолдук жок.

Аэропорттун маалымат кызматы каттамдар боюнча Бишкектен 0312 693109 жана Ош шаарынан 03222 90101 телефондоруна чалып маалымат алса болорун эскертет.

Эске салсак, аэропортту коюу туман каптагандыктан бир нече каттамдар кармалып калган болчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/tuman-tarap-manas-aeroportu-kadimki-tartipte-ishtej-bashtady



Добавить комментарий