Төрт эм төрөлгөн Сооронбай, Арууке, Акбермет жана Айчолпонго күбөлүк берилди
Поделиться в:
Бишкекте төрт эм төрөлгөн Сооронбай, Арууке, Акбермет жана Айчолпонго күбөлүк берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
ММКнын Жарандык актыларды каттоо департаментинин бөлүм башчысы Гульжан Атанаева төрт эмдин ата-энеси Азамат менен Нурайымга ымыркайлардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырды. Ошондой эле жаш ата-энелерге сүйүнчү пул берилди.
Эскерте кетсек, 25-февралда Бишкекте төрт эм ымыркайлар айына жетпей төрөлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/trt-em-trlgn-sooronbaj-aruuke-akbermet-zhana-ajcholpongo-kblk-berildi
Добавить комментарий ×