Видео. Троллейбустун айдоочусу бычакчан жүргүнчү менен болгон окуяны баяндады

21 ноября 2019 12:51 1229 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кечээ Бишкек шаарындагы экинчи троллейбуста эркек адам башка жүргүнчүлѳрдү бычак менен коркуткан. Бул окуя кандай болгонун Светлана Тургунбаева троллейбустун айдоочусу баяндады. Анын айтымында, эркек жүргүнчү троллейбустка түшкѳндѳн кийин, эшигине таянып туруп алган. Аны жѳлѳнбѳй туруусун суранганда сѳгүнүп уят сѳздѳрдү айткан. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлѳрдүн бирѳѳсү сѳгүнбѳшүн суранганда бычагын алып коркуткан. Айдоочу унаасын токтотуп, милиция кызматкерлерине жардам сураганы чыгып кеткенде кээ бир жүргүнчүлѳр ѳздѳрүн жаман сезип, бирок унчукпай олтурушкан. Милиция кызматкерлери келип, унаанын ичине киргенде, эркек киши бычагы менен башкаларды коркуткан. Милиция кызматкерлери бычакчан жүргүнчүнү кармап кеткенден кийин, айдоочу ѳздѳрүн жаман сезип олтурган жүргүнчүлѳргѳ кайрылып, суу берген. Светлана ѳзүн бул окуядан кийин жаман сезип, бирок дары ичип, эс алган.

Ссылка: https://barometr.kg/trollejbustun-ajdoochusu-bychakchan-zhrgnch-menen-bolgon-okuyany-bayandady



Добавить комментарий