Троллдор.Саясаттагы фантастикалык желмогуздар

2 октября 2020 14:30 1041 Barometr
Поделиться в:
ok

“Интерньюс Кыргызстан” Кыргызстандагы шайлоо жана саясий процесстердин контекстинде медиа сабаттуулук боюнча бир катар видео сабактарды баштайт. Бул тууралуу аталган организациянын сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ошентип, медиа сабаттуулук боюнча видео сабактардын төртүнчү чыгарылышы "Троллдор. Саясаттагы фантастикалык айбандар".

"Виртуалдык троллдор атайылап агрессивдүү жана кастык мүнөздөгү комментарийлерди жашыруун түрдө, көбүнчө фейк баракчалардан калтырышат. Тролдор көбүнчө адамдардын жинине тийүү үчүн топторго биригип, комментарийлерде массивдүүлүктүн эффектин түзүү үчүн биргелешип иштешет. Бул - троллдордун фабрикасы деп аталат. Медиа сабаттуу адам ишенимдүү булактардан гана маалымат албастан, ишенимдүү адамдар менен пикир алышат", - дейт белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков.

Буга чейин видео сабактын биринчи санында, чындыкты, жарым чындыктан кантип ажыратуу керектиги айтылган. Жана жалган маалыматтын кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендиги айтылган.

Медиа сабаттуулук боюнча видеосабактын экинчи чыгарылышында белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков Кыргызстанда пайда болгон канкор желмогуз Чупакабра жөнүндө 2014-жылы жарыялаган сенсациялуу жаңылыктарды текшерүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылган.

Шайлоо алдындагы мезгилде жасалма нерселер атайылап манипуляциялык же кыйратуучу мүнөзгө ээ деген ойду айткан.

Үчүнчү видео сабакта саясаттагы аялдарга карата жек көрүү сөздөрү көбүрөөк кездешери айтылат.


Ссылка: https://barometr.kg/trolldorsayasattagy-fantastikalyk-zhelmoguzdar



Добавить комментарий