Түркмөнстанда көп аял алууга тыюу салынды
Поделиться в:
Түркмөнстанда көп аял алууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз гезиттерине жарыяланды. Үй-бүлөлүк кодекске Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жазылган мыйзамын жергиликтүү "Нейтральный Туркменистан" басылмасы жарялады.
Маалым болгондой Түркмөнстандын эли мусулман динин тутунушат жана шарият боюнча 4 аялга чейин алууга руксат экенин билишет, бирок мамлекеттин мыйзамына ылайык бир аялдан көп аял алса эки жылдан ашык эркинен ажыратылат же акчалай айып пул төлөйт.
Мыйзам 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstanda-kp-ayal-aluuga-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×