Ашхабаддын жаңы жылдык балатысы Борбор Азиядагы эң бийик балаты болуп табылды

30 декабря 2020 15:46 2927 Barometr
Поделиться в:
ok

Келе жаткан жаңы жылдын башкы символу болгон балатылардын ичинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан эң бийик жана коозу Түркмөнстандын башкы балатысы таанылды. Бул тууралуу "Медиа түркмен" агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ашхабад жаңы жылдык балатысынын бийиктиги, анын үстүн кооздогон жылдыз менен бирге 41 метр, ал эми туурасы 16 метр. Ал "Алем" маданий-көңүл ачуу борборунун алдындагы аянтка орнотулган.

Экинчи орунда Ташкенттеги (Өзбекстан) башкы балаты турат, анын бийиктиги 36 метр, диаметри 13 метр.

Нур-Султан (Казакстан) жана Бишкек (Кыргызстан) "үчтүктү" жабышат, коңшулаш эки өлкөнүн борбордук аянтындагы балатылардын бийиктиги 25 метр болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ashhabaddyn-zhay-zhyldyk-balatysy-borbor-aziyadagy-e-bijik-balaty-bolup-tabyldy



Добавить комментарий