Түркмөнстанда 210 чарчы метр болгон ири килем токулуп жатат
Поделиться в:
Аянты 210 чарчы метр болгон ири килем Түркмөнстандын бейтарап өлкө болушунун 30 жылдыгынын урматына жасалууда. Бул тууралуу «Түркмөнстан: Алтын кылым» басылмасы маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
Бул килем гигантты токуш үчүн Балкан аймагындагы Сердар көркөм килем токуу ишканасынын уздары күнү-түнү эмгектенип жатат.
Аталган килемге Ахал аймагынын оюу орнаменттери түшүрүлөт.
Эскерте кетсек, Түркмөнстандын килем токуу искусствосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес мурастары тизмесине киргизилген.
Түркмөнстандын бейтарап күнү-жыл сайын 12-декабрда белгиленип келет.
Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstanda-210-charchy-metr-bolgon-iri-kilem-tokulup-zhatat
Добавить комментарий ×