“Түндүк электр” бүгүн Бишкекте 3,1 миңден ашык абоненттин жарыгын өчүрөт
Поделиться в:
Бүгүн, 4-августта “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун электр энергиясын эсептөө жана көзөмөлдөө маалыматтык-ченөөчү автоматташтырылган системасы дебитордук карызы үчүн 3,1 миңден ашык абоненттин жарыгын өчүрөт.Бул тууралуу аталган бөлүштүрүүчү компанияга шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, турмуш-тиричиликке тейленүүчү абоненттердин дебиторлук карызынын көлөмү 5,2 млн сомдон ашып кеткен.
Абоненттер электр энергиясына карата карызды төлөм терминалдары же болбосо «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу төлөсө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-bgn-bishkekte-31-miden-ashyk-abonenttin-zharygyn-chrt
Добавить комментарий ×