Түркиянын биринчи айымы тыгында турганы үчүн бир нече кызматкерлер кызматтан алынды

28 сентября 2018 16:30 1475 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын биринчи айымын Эмине Эрдоган Кыргызстанда тыгында турганы үчүн ички иштер министрлигинде бир нече жетекчилер кызматтан кетти. Аталган министрлик бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен милдеттерин так аткара албагандыгы үчүн Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, анын орун басары кызматтан бошотулса, республикалык башкы башкармалыктын башчысы Канат Жумагазиевге сөгүш жарыяланды. 

Ал эми дагы бир катар кызматкерлерге эскертүү берилди.  

Эске салсак, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Ысык-Көлдө өткөн, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан кайтып, “Тамчы” аба майданына багыт алган учурда автотыгынга кабылган. Мындан улам Түркиянын  президенти  Режеп Тайип Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын 1,5 саат күткөнгө аргасыз болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-birinchi-ajymy-tygynda-turgany-chn-bir-neche-kyzmatkerler-kyzmattan-alyndy



Добавить комментарий