Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган 1,5 саат жол тыгында калгандыгы боюнча жетекчилерге чара көрүлөт

12 сентября 2018 20:20 2973 Barometr
Поделиться в:
ok

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Кырчын жайлоосуна бара жатканда жол тыгынында калып калган. Буга жооптуу болгон кызматкерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.  

Анын айтуусунда, бул жагдай боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Эске салсак, 3-сентябрда Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттеринин жубайлары Ысык-Көлдөгү “Кырчын” этношаарчасында көчмөндөрдүн маданияты менен таанышышкан. Алар этнобазарды кыдырышып, кыргызстандыктар менен баарлашышкан. Андан соң кетээр убагы келгенде Кырчындан шаарга болгон унаа арбындыгынан тыгын пайда болуп, Түркиянын Президентинин жубайы Эмине Эрдоган дагы тыгында 1,5 сааттай турган. Мындан улам Эрдоган жубайын  аэропортто 1,5 саат күтүп турган.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-birinchi-ajymy-emine-erdogan-15-saat-zhol-tygynda-kalgandygy-boyuncha-zhetekchilerge-chara-krlt



Добавить комментарий