Түркиянын Анкара шаарына Манастын айкели орнотулат

19 февраля 2021 12:45 2812 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Анкара шаарына жакын арада Манастын айкели тургузулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анкаранын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинин маңдайындагы майданда Айкөл Манас атабыздын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети  айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми, айкел Бишкектен кыргыз тараптан жасалат.

“Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалын эске алып, элчилик айкелди жасоо максатын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (доктурларга, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго жекече кайрылган.

Азыркы мезгилде, Кыргызстанда жана Түркияда жашаган кыргыз  ишкер жарандарыбыз эстелик орнотуу демилгесин колдоп жатканын, ошондой эле түрк досторубуздун арасынан да демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айкелди жасоо иши башталганын билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта. 

Элчиликтин маалыматы ылайык, 2019-жылы декабрь айында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулган.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-ankara-shaaryna-manastyn-ajkeli-ornotulat



Добавить комментарий