Түркияда кыргызстандык куткаруучулар 10 адамдын жансыз денесин таап уранды алыдынан чыгарышты

9 февраля 2023 09:23 826 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияга Кыргызстандан барган куткаруучулар жалпы 10 адамдын жансыз денесин таап уранды алыдынан чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ӨКМдин  куткаруучулары  издеп-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында  8 адамдын жансыз денесин таап чыгарып беришти.

“Кыргызстандан барган куткаруучулардын башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев дагы 2 кишинин денеси кинологдордун иттери аркылуу табылып, урандынын астынан чыгаруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Издөө-куткаруу иштери түнү менен уланып куткаруучулар эки  объектиде иш алып бара тургандыгы айтылды”, -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, зилзаланын кесепетинен кече, 8-февралда каза болгондордун саны 9057ге жеткенин Хатайга келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирген. Анын айтымында, 52 миң 979 адам жабыркап, 6444 имарат талкаланган.


Ссылка: https://barometr.kg/trkiyaga-kyrgyzstandan-bargan-kutkaruuchular-10-adamdyn-zhansyz-denesin-taap-urandy-alydynan-chygaryshty



Добавить комментарий