Түркияга аба каттамдары менен учуп келгендер обсервацияга жаткырылбайт

12 июня 2020 09:59 1303 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияга аба каттамдары аркылуу келген жүргүнчүлөр обсервацияга жаткырылбайт. Бул тууралуу "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

10-июндан тарта Түркиядан 40 өлкөгө аба каттамдары ачыларын Транспорт министри Адил Караисмаилоглу буга чейин билдирип келген. Ал эми Стамбулдан Кыргызстан, Албания, Дания, Норвегия жана башка өлкөлөргө рейстер 22-июнда ачылат.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Түркияга атайын рейстер менен 59 өлкөдөн 75 миңге жакын жаран келген. Алар 14 күндүк обсервацияга жатууга милдеттүү болгон.
Белгилей кетсек, Түркияда коронавируска чалдыккан 174 миң учур катталган. Алардын 148 миңи айыкса, 4 763ү каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyaga-aba-kattamdary-menen-uchup-kelgender-observaciyaga-zhatkyrylbajt



Добавить комментарий