Түркиядан 22 кыргыз жараны Казакстандын учагы менен Астанага эвакуацияланды
Түркиянын түштүк-чыгышында болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу Кыргызстандын жарандары Түркиянын коопсуз аймактарына, анын ичинде Анталия жана Анкара шаарларына эвакуацияланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 8-февралда Газиантеп жана Кахраманмараштан Кыргызстандын 5 жараны Анкарага, 17 жараны Анталияга жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын 22 жараны Казакстандын учагы менен Астанага жөнөтүлүп, аларды Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин дипломаттары тосуп алып, тиешелүү жардам көрсөтүшөт.
Газиантептен Анкарага кийинки автобус жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00гө пландаштырылган”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyadan-20-kyrgyz-zharany-kazakstandyn-uchagy-menen-astanaga-zhntld
Добавить комментарий ×