Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза болду. Жүрөк үшүн алган сүрөт, видеолор
24-январда кечки саат 20:55те Түркиянын чыгышында Элазык провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титиреп, ал кеминде 20 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазып чыкты.
Ага ылайык, урандылардын алдынан 30дай киши изделүүдө. Андан сырткары миңден ашык киши ар кандай жаракаттардыалган.
Өлкөнүн коргоо министри Хулуси Акар кырсык болгон аймакка куткаруучулар жөнөтүлгөнүн кабарлады. Жалпысынан 100дөн ашык турак-жай ураган.
Эске салсак, жер титирөө алгач 6,8 балл болуп, андан кийин 5,4 жана 3,5 балл болгон жер титиреген.
Кырсык болгон аймакка ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Айлана чөйрө жана шаар куруу министри Мурат Курум келди.
Түркиянын жергиликтүү басылмалары каза болгондордун саны дагы да көбөйүшү ыктымалдыгын жазышууда.
Жердин силкинүүсү Сирияда, Ливанда жана Иранда дагы сезилген.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyadagy-zher-titirdn-keminde-20-kishi-kaza-boldu-zhrk-shn-algan-srt-videolor
Добавить комментарий ×