Түркияда жаңы учкучсуз учкан чабуул жасоочу аппараты даяр болду
Түркиянын жаңы учкучсуз учуучу аппараты Анка-2 алгачкы учуусун ишке ашырууга даярдалууда. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул боюнча түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коомунун башкы директору Темел Котил:
«Анка-2нин моторун 2 күн мурда иштеттик. Унаабыздын алгачкы учуусу үстүбүздөгү жылда ишке ашат», -деген маалыматын берген.
Орто аралыкка атуучу, асманда көпкө кала алган, 2 мотордуу Анка-2, чалгындоо, байкоо, чабуул милдеттерин ишке ашыра алат.
25 миң фут бийиктик, 24 саат тынымсыз учуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Анка-2, 700 килограммдан ашык пайдалуу жүк ташый алат.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-zhay-uchkuchsuz-uchkan-chabuul-zhasoochu-apparaty-dayar-boldu
Добавить комментарий ×