Түркияда кыргызстандык аялга ок атылды
Поделиться в:
Түркиянын Конак шаарында кыргызстандык аял октон жаракат алды. Бул тууралуу Haberler.com булагы кабарлады.
Полиция берген маалыматка таянсак, аталган шаардын Гозэнтеп Махаллеси көчөсүндө белгисиз эркек киши Фехми Арман аттуу жарандын унаасында отуруп тапанчадан ок аткан. Бул учурда унаанын арткы орундугунда отурган 29 жаштагы кыргызстандык жүргүнчү кыз Э. Т.га ок жаңылган. Ал ооруканага жетирилди, азыркы учурда абалы туруктуу деп бааланууда.
Полиция ок аткан адамдын ким экенин аныктоого киришти.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyzstandyk-ayalga-ok-atyldy
Добавить комментарий ×