Түркияда дарыланып жаткан кичинекей Айлин операциядан кийин чарчап калды
Кандын рак оорусуна кабылып, Түркияда дарыланып жаткан 1 жаш 3 айлык Айлин чарчап калды. Бул тууралуу “Барометрге” наристенин ата-энесинин жакын туугандары кабарлады.
Бирок, тилекке каршы, наристени сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ал кече, 29-март күнү оор операциядан кийин сатурациясы төмөндөп кетип, жүрөгү токтоп калган.
Айлиндин апасы операцияга чейин эле кызынын сатурациясы бирде төмөндөп, биде калыбына келип жатканын айткан.
Эске сала кетсек, Айлинге 11 айлык кезинде 2020-жылдын ноябрь айында Түркиядан жүлүнүн алмаштыруу операциясы жасалган. Бирок, кайрадан рак илдетинин белгилери, жаңы алмашылган жүлүндө да пайда болуп, экинчи жолу операция жасалары кабарланган. Экинчи жолку операцияга кыздын атасы өзү донор болуп берген.
Белгилей кетсек, Айлин 2019-жылдын 29-декабрында жарык дүйнөгө келген. Наристе ата-энесинин тун кызы болгон. Ага үч айлык кезинде Курч лимфобластикалык лейкемия (кан рагы) диагнозу коюлган.
Кичинекей Айлиндин сакайып кетишине жалпы кыргыз эли кол сунуп, каражат топтоого салым кошушкан. Тилекке каршы, оор илдет менен алышкан наристенин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Добавить комментарий ×