Түркияда өтчү көчмөндөр оюндарынын программасына кыргыздын улуттук жети оюну кирди
Түркияда өтө турчу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын программасына кыргыздын улуттук жети оюну кирди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Түркиянын Жаштар жана спорт министрлиги менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин төртүнчү оюндарды өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлган.
Келишимге ылайык, оюндардын программасына кыргыздын көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо, тогуз коргоол, алыш жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү кирет. Белгилей кете турчу жагдай, көк-бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш Кыргызстандын федерациялары иштеп чыккан эреже менен өтөт.
Ал эми тогуз коргоол менен алыш оюндары эл аралык федерациялар киргизген эреже менен болот.
Эске салсак, быйыл Дүйнөлүк көчмөндөрдүн 4-оюндарынын Түркияда өтөт. Азырынча анын даасы тактала элек.
Добавить комментарий ×