Түрк тилдүү мамлекеттердин арасында футбол турнири түзүлүшү мүмкүн
Түркиянын Футбол Федерациясынын Тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Гюркан Теоман түрк тилдүү мамлекеттердин арасында футбол турнирин түзүүнү сунуш кылды.
Sisligazetesi порталынын маалыматына ылайык, бул турнирди "Туран Кубогу" деп атоо сунушталууда.
Бул мелдешти жүзөгө ашырууга биринчи кадамдар жасалып, жумушчу топ түзүлгөн. Ал билдиргендей, мындай турнир эл аралык оюндардын тажрыйбасын жогорулатууга жардам берет жана каржылык жактан да пайдалуу болот.
«Бул улуттук чемпионаттардын катышуучуларынын көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизбейт, бирок ошол эле учурда бул берүүлөрдүн жана турнирдин демөөрчүлөрүнүн кирешесин көбөйтөт. Бул клубдардын ортосундагы мамилени жакшыртат », - деди Теоман.
Эгер план ишке ашсаса, анда ага: Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кипрден келген клубдар, ошондой эле башка өлкөлөрдүн түрк элдери катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/trk-tild-mamleketterdin-arasynda-futbol-turniri-tzlsh-mmkn
Добавить комментарий ×